01.08.2011
Жаңылыктар
30.07.2011
«Бай-Түшүм» Финансылык тобу лизингдик долбоордун чегинде жалпы суммасы 560 миң. евродон ашык лизингдик бүтүмдөрдү каржылады
2009-жылы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигинин жана Германиянын жеке менчик бизнесинин өкүлдөрүнүн жана Эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомчулугунун (GiZ) ортосундагы кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлгандан кийин, «Бай-Түшүм» Финансылык тобу жана Эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомчулугунун (GiZ) демилгеси менен «Бай-Түшүм» Финансылык тобу лизингдик долбоордун чегинде жалпы суммасы 560 миң. евродон ашык лизингдик бүтүмдөрдү каржылады.29.07.2011
«Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК Нарын шаарынын рынокторунда жакында болуп өткөн өрттөн жапа чеккен насыя алуучуларга насыяларды реструктуризациялоо тууралуу чечимин кабыл алды
«Береке» жана «Мукаш-Ата» рынокторунда болуп өткөн өрттөн кийин «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК жапа чеккен насыя алуучулардын финансылык абалын кылдат изилдөө боюнча иштерди жүргүздү. Тамак-аш продуктыларын, жашылчаларды, эт, сүт жана башка товарлар менен соода жүргүзгөн, Компаниянын 18 насыя алуучулары рыноктордогу өрттөн жапа чеккен кардарлар 1,5 млн. сомго жакын суммадан зыян тартышкан.12.07.2011
Жеке менчик компанияларды жана ишкерлерди насыялоо үчүн «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы компаниясына 270 миллион сом бөлүндү
Өлкөдө алдыңкы банктык эмес микрофинансылык мекеменин бири болуп саналган, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФКга 270 млн. сом (АКШнын 6 млн. долларына жакын) өлчөмдө насыя берүү аркылуу ЕБРР Кыргыз Республикасынын финансылык секторуна колдоо көрсөтүүнү улантууда.11.07.2011
Кыргызстандын Президентинин патронажынын алдында өткөрүлгөн, микрофинансылоо боюнча Борбордук Азиялык саммитине «Бай-Тушум жана Партнерлор» компаниясы демөөрчү болуп чыкты
7-июлда Кыргызстанда микрофинансылоо боюнча Борбордук Азиялык Саммити өттү, анда демөөрчүлөрдүн бири болуп, «Бай-Тушум жана Партнерлор» компаниясы чыкты. Саммитте Кыргызстандан, Тажикстандан, Россиядан, Монголиядан, Казахстандан, Белоруссиядан, АКШдан жана Европа өлкөлөрүнөн консультанттар-практиктер, инвесторлор, донорлор жана алардын өкүлдөрү активдүү катышышты. Саммиттин уюштуруучулары болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы, Микрофинансылык уюмдардын Ассоциациясы, ошондой эле «Uniglobal» чех компаниясы04.07.2011
Компания, Кыргыз Республикасынын Чукул кырдаалдар Министрлигине караштуу Талас областынын өрт коопсуздук бөлүмүнө демөөрчүлүк жардам көрсөттү
Бишкек шаарында өтүп жаткан өрт-прикладдык спорт боюнча республикалык чемпионатында бөлүмдүн катышуусуна байланыштуу Компания, Кыргыз Республикасынын Чукул кырдаалдар Министрлигине караштуу Талас областынын өрт коопсуздук бөлүмүнө демөөрчүлүк жардам көрсөттү. Компания чемпионаттын катышуучулары үчүн спорттук формаларын сатып алуу үчүн акча каражаттарды бөлүп берди жана транспорттук чыгашаларын төлөдү.03.06.2011