Керек-жарак насыялары
Насыяны берүү шарттары:
- Валютасы: сом/АКШ доллары;
- Насыянын суммасы: 10 000 сомдон 2 млн. сомго чейин;
- Пайыздык чени*: сом менен – 28% жогору, АКШ доллары менен – 22% жогору
- Насыялоонун мөөнөтү: 3 айдан 5 жылга чейин;
- Камсыз кылуу: 250 000 чейинки насыялар боюнча камсыз кылуу катары кыймылдуу мүлк жана кепилдиктер (эки киши) чыгат, 150 000 миңден жогорку суммадагы насыялар боюнча камсыз кылуу катары кыймылсыз мүлк чыгат;
Зайымчыга карата талаптар:
- жашы – 18 жаштан 65 жашка чейин
- туруктуу кирешенин болушу
- ишке жалданган жумушчулар үчүн – акыркы иштеген жеринен 3 ай үзгүлтүксүз эмгек стажы
- 3 ай ишмердүүлүк иш-аракеттеринин тажрыйбасы.
Негизги документтердин тизмеси:
- зайымчынын жана жубайынын паспортторунун көчүрмөлөрү, каттоолору менен
- никеси тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү
- үй-бүлөнүн кирешелеринин өлчөмдөрүн тастыктоочу башка документтери (андайы болсо)
- акыркы 12 ай үчүн иштеген стажы жана кирешенин өлчөмү тууралуу иштеген жеринен справка (андайы болсо)
- күрөөгө бериле турган кыймылсыз мүлктүн укук түзүүчү документтери жана техникалык паспорту (күрөөгө кыймылсыз мүлк коюлса)
Ишкерлер үчүн кошумча документтер:
- жеке ишкердин каттоосу тууралуу күбөлүктүн/патенттин көчүрмөсү
- анык алына турган кирешелерди кыйыр же түз тастыктоочу документтер, (кассалык китеп боюнча жүгүртүүлөр, ички эсепке алуу боюнча жазуулар ж.у.с.)
«Бай-Түшүм” Банкынын жакынкы кеңсесинин дарегин жана байланыш телефондорун Сиздер «Байланыштар » бөлүгүнөн таба аласыздар же (312) 905 805 телефону боюнча Банктын Call-центринен билсеңиз болот.
* натыйжалуу пайыздык чени: сом менен 35.55% жогору, АКШ доллар менен 27.82% жогору
**Пайыздык чени жана төлөө тартиби суралган насыянын өлчөмүнөн, мөөнөтүнөн, төлөө жөндөмдүүлүгүнөн, каралган күрөөдөн көз каранды. Сатуу боюнча адис сиз сураган суммага ылайык төлөө тартибин сунуштайт