Кийинчерээк төлөө менен товарларды алуу
Насыя берүү шарттары:
- Валютасы: сом;
- Суммасы: 5 000 ден 200 000 сомго чейин;
- Пайыздык чени*: сом менен – 29.9%
- Баштапкы салым:
- Насыянын суммасы 100 000 сомго чейин болгон учурда алынуучу товардын баасынан – 0%;
- Насыянын суммасы 100 000 сомдон жогору болгон учурда алынуучу товардын баасынан – 20%.
- Насыялоо мөөнөтү:
- 50 000 сом суммасына чейинки насыялар боюнча 3 айдан 12 айга чейин;
- 50 000 сом суммасынан жогору насыялар боюнча 3 айдан 24 айга чейин.
- Камсыздоо:
- 100 000 сомго чейин – алынып жаткан товар күрөөгө алынат;
- 100 000 сомдон жогору, 200 000 сомго чейинки насыялар боюнча алынып жаткан товар күрөөгө алынат жана 1адамдын кепилдиги алдында берилет.
- Насыя, сатуучунун жеке эсебине акча каражаттарды которуу жолу менен накталай эмес эсептешүү аркылуу берилет.
Биздин партнерлор (05.08.2019):
- Бишкек жана Чуй облусу
- Ош облусу
- Баткен облусу
- Талас облусу
- Жалал-Абад облусу
- Ысык-Көл облусу
- Нарын облусу
Зайымчыларга карата талаптар:
- жашы – 22 жаштан 65 жашка чейин
- туруктуу кирешенин болушу
- ишкердик иш-аракеттеринин тажрыйбасы/жалданган жумушчулар үчүн 3 айдан кем эмес иштеген стажынын болушу.
Документтердин тизмеси:
- зайымчынын паспортунун көчүрмөсү.
- акыркы 12 ай үчүн кирешесинин өлчөмү тууралуу иштеген жеринен справка
- үй-бүлөнүн кирешелеринин өлчөмдөрүн тастыктоочу башка документтери (керек болсо)
-
Ишкерлер үчүн кошумча документтер:
- ЖИи күбөлүгүнүн/патенттин (андайы болсо) көчүрмөсү
- анык алына турган кирешелерди тастыктоого жарактуу документтер (кассалык китеп боюнча жүгүртүүлөр, ички эсепке алуу боюнча жазуулар ж.у.с.)
«Бай-Түшүм” Банкынын жакынкы кеңсесинин дарегин жана байланыш телефондорун Сиздер «Байланыштар » бөлүгүнөн таба аласыздар же (312) 905 805 телефону боюнча Банктын Call-центринен билсеңиз болот.
* натыйжалуу пайыздык чени: сом менен 39.72% жогору
**Пайыздык чени жана төлөө тартиби суралган насыянын өлчөмүнөн, мөөнөтүнөн, төлөө жөндөмдүүлүгүнөн, каралган күрөөдөн көз каранды. Сатуу боюнча адис сиз сураган суммага ылайык төлөө тартибин сунуштайт.