Финансылык Лимит
«Бай Түшүм» Банкы бизнес-кардарлар үчүн убакытты жана бизнеске каржылык салымдарды алда канча сапаттуу жана кеңири мерчемдөөгө жардам бере турган Финансылык Лимитти каттоону сунуш кылат. Финансылык лимит ДЭЭРЛИК АКЫСЫЗ 6 айга катталат.
Финансылык лимитти пайдалануу менен, зарыл болгон учурда, кошумча талдоолорсуз эле, 1-2 күндүн ичинде Сиз каржылоону ала аласыз. Ошондуктан эгерде Сизде ар кандай бизнес-мүмкүнчүлүк же идея пайда болсо, анда Сиз дайыма Банктын колдоосуна ишенсеңиз болот жана өзүңүздүн өнөктөштөрүңүз менен сүйлөшүүлөрдө артыкчылыкка ээ болосуз.
- Финансылык Лимиттин алкагындагы насыялык продуктылар:
- Жүгүртүүдөгү акча каражатын толуктоо, контрагенттер менен эсептешүүлөр:
- Банктык кепилдик;
- 6 айга чейинки Овердрафт;
- Жаңыртылып туруучу 36 айга чейинки насыялык багыт.
- Жабдууларды, атайын техникаларды, автотранспортту, кыймылсыз мүлктү сатып алуу:
- Инвестициялык максаттар үчүн насыялар, 60 айга чейин.
Лимиттин колдонуу мөөнөтү | 6 ай |
Валютасы | сом, АКШ доллары |
Камсыздандыруу | Финансылык Лимитти коюу үчүн күрөө талап кылынбайт. Финансылык Лимиттин алкагында берилүүчү продуктулар боюнча, кыймылсыз мүлк, автотранспорт, жабдуулар, кепилдик берүүлөр жана банктагы депозиттер күрөө катары каралышы мүмкүн. |